Лейлекте жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 29-мартта саат 11:22де Тажикстандын   аймагында  очогунун күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Өзгөчө кырдаалдар мининистрлигинин маалыматына таянсак, жер титирөө Лейлек районунун Коргон айылында  2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.